• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаарынын мэри болуп кайрадан Эрнисбек Ормоков шайланды

Аймак 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 7-июнда Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сессиянын күн тартибинде Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо жана мекеме ишканалардын жетекчилерин дайындоо киргизилген.

Сессияга 31 депутаттын 29у катышып, шаардын мэрлик кызматына жалгыз талапкер Эрнисбек Ормоковду бир добуштан колдоп беришти.

Белгилей кетсек, Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаардык кеңешинин үч чакырылышында депутат болуп, бир топ убакыт шаардык кеңешке төрагалык кылган. Ал өткөн жылдын октябрь айынан бери Жалал-Абад шаарынын мэрлик кызматын аркалап келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий