• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо болбой калды

Аймак 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында калаа башчысынын шайлоосу болгон жок. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

БШКдан билдиришкендей, Жалал-Абад шаарынын мэринин шайлоосу 17-ноябрга белгиленген. Мэрликке бир киши - Эрнисбек Ормоков талапкерлигин койгон.

“Катталган талапкер шайлоого катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо болбой калды”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий