• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын мэри республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-апрелде Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэр Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин жана З.Нурматова атындагы кыргыз-түрк кыздар лийцейинин 2021-2022-окуу жылындагы мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын республикалык баскычында информатика предмети боюнча 1-орунду камсыздаган 10-класстын окуучусу Тенгиз Беккоеновду, физика предмети боюнча 2-орунду ээлеген 11-класстын окуучусу Нияз Жусупбековду, англис тили предметинен 3-орунду ээлеген 11-класстын окуучусу Айнура Сабырованы жана мугалимдерди кабыл алды.

Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө дүйнөлүк олимпиададан мыкты ийгиликтер менен кайтуусуна терең ишенимин билдирген калаа башчысы, билимдүү жаштар өлкө келечеги экенин баса белгилеп, өз каражатынан акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Ошондой эле шаар мэри дүйнөлүк олимпиададан байгелүү орунду камсыздаган окуучуларга жергиликтүү бийлик тарабынан акчалай сыйлык берилерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Тенгиз Беккоенов жана Нияз Жусупбеков алдыда өтүүчү дүйнөлүк олимпиадада өлкөбүздүн намысын коргойт.

Пикир

Оставить комментарий