• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарынын Шопоков көчөсүн кеңейтүү иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Шопоков көчөсүн кеңейтүү иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көчөнү кеңейтүү иштеринин алкагында жол четиндеги бак-дарактар кыйылууда. Аталган көчө жергиликтүү бюджеттин эсебинен толугу менен реконструкцияланып, эки четине тротуар, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иши жүрөт.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен жергиликтүү бюджетти үнөмдөө максатында жолду кеңейтүү ишинин айрым жумуштарын мэриянын алдындагы жана мамлекеттик мекемелер жасайт. Ал эми негизги жумуштарды, тагыраагы, жолго асфальт төшөө, тротуар куруу, темир-бетон арыктарды жаткыруу сыяктуу жумуштарды тендерден уткан “Жалалабат АБЗ” ААК жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий