• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абаддын Спутник кичирайонунда суу түтүктөрүн жаткыруу иши кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков “Жалал-Абд шаарынын суу жана саркынды суу тутумун реабилитациялоо” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүнөн кабар алды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Спутник кичирайонунда суу түтүктөрүн жаткыруу иши кызуу жүрүп жатат.

Жалпысынан шаарда 8 чакырым саркынды суу түтүктөрү жана 40 чакырым суу түтүктөрү тартылат. Ошондой эле №2 саркынды сууларды кабыл алуу жайы жаңыланат.

Долбоор Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан карыжыланууда. Ага 9 млн 275 миң евро бөлүнгөн. Аталган каражаттын 4 млн евросу насыя, калганы грант түрүндө берилип жатат.

“Курулуш иштери 2023-жылы аякташы керек. Бирок, жашоочуларга ыңгайсыздык жаралбашы үчүн шаар бийлиги ушул жылдын ноябрь айында бүткөрүп берүү боюнча макулдашууга жетишкен”, - деп белгилешти мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий