• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын кире беришине стелла курулду

Аймак 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын түндүк тарабынан кире беришине "Жалал-Абад шаары" деген стелла курулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, стелланын айланасы жарыктандырылып, брусчатка төшөө жана газон себүү жумуштары аткарылган. Анын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 1 млн 858 миң сом акча каражат сарпталды.

Курулушу аяктаган объекти менен шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин орун басары Элдос Таев, мэриянын Капиталдык курулуш департаментинин башчысы Арапбай Маматжан уулу таанышты.

Пикир

Оставить комментарий