• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын жаштар кеңеши кайрадан түзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын жаштар кеңеши кайрадан түзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-мартта Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова калаадагы коомдук уюмдардын, кайрымдуулук фонддордун өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын жаштар комитетинин төрага, төрайымдары, демилгелүү, активдүү жаштардын башын бириктирип, шаардын жаштар кеңешин кайрадан түздү.

Жаштар кеңеши төрага же төрайым, орун басар, катчы жана 9 мүчөдөн турат. Алар шаардагы бардык иш-чараларды уюштурууга, шаардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жаштар тарабынан демилгелерди көтөрүп, бийлик бутактарына жаштардын атынан сунуш берүүгө укуктуу болушат.

Гүлбарчын Таштанбекова Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы жаштар кеңеши 2017-жылы түзүлүп, бирок, бир топ убакыттан бери иши үзгүлтүккө учурап калганын белгиледи.

Кайрадан түзүлгөн жаштар кеңешинин төрагалыгына Чыңгыз Каратаев көпчүлүк жаштардын колдоосу менен шайланды. Ал 23 жашта. Учурда К.Токтомаматов атындагы Эл аралык окуу жайынын 4-курсунун студенти. Каратаев алдыда жаштардын шаары болгон Жалал-Абад шаарында жаштар тарабынан бир топ алгылыктуу иштер жасаларын белгилеп, ага жаштарды жана шаардык мэрияны колдоо көрсөтүп турууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий