• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында жаңы жылдык балаты орнотула баштады

Аймак 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-декабрда Жалал-Абад шаарындагы «Эркиндик» аянтына бийиктиги 27 метр болгон жаңы жылдык балаты орнотула баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, балатыны жасалгалоо, шаар көчөлөрүн кооздоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 612 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Жаңы жылдык балаты 15-декабрда жандырылат.

Пикир

Оставить комментарий