• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад ШИИБнин жамааты 80 жаштагы ардагерден кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. Ички иштер органдарынын 80 жаштагы ардагери Атагелди Бердигуловдон Жалал-Абад ШИИБнин өздүк курамы кабар алып, туулган күнү менен куттукташты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлайт.

ШИИБдин башчысы Эрнист Молдокеев ардагердин үлгүлүү эмгек жолун баяндап, азыркы учурда дагы жаш кызматкерлерлерге акыл-насаатын айтып, өздүк курам менен тыгыз кызматташып келе жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле ардегерди өздүк майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык каалап, ИИМдин “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалы менен сыйлады.

80 жаштагы ИИОнун ардагери Атагелди Бердигулов 1940-жылы 5-февралда Сузак районунда туулган. 1957-жылы орто мектепти аяктап, жашаган жериндеги колхоздо 1962-жылга чейин курулушта иштеген. 1962-1965-жылдар аралыгында советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1965-жылдан 1987-жылга чейин ИИОдо кызмат өтөп ардактуу эс алууга чыккан. 1967-1970-жылдары Фрунзедеги автожол техникумун сырттан аяктаган. 1970-жылы КПССтин мүчөсү болгон. 1967-жылы 27 жашында үйлөнүп, азыркы учурда 4 уул 2 кыздын атасы, 14 неберенин чоң атасы болуп, 7 чебере көрдү.

Атагелди Бердигулов азыр да кайратынан жазбай коомдук иштерге активдүү катышып, жаш кызматкерлерге өзүнүн насаатчылыгын көрсөтүп, коомчулукта милициянын кадыр-баркын көтөрүүгө зор салымын кошуп келет.

Пикир

Оставить комментарий