• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад: Социалдык фондго карыздар азаюуда

Аймак 0

Бишкек, 01.02.18 /Кабар/. Жалал-Абад облусунда Социалдык фондго болгон карыздар азайып жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы Соцфондго төлөмдөр боюнча карыз өлчөмү 38,8 миллион сом болсо, бул көрсөткүч 2017-жылы 29,3 миллион сомду түздү. Демек, 9,5 млн сомго азайган.

Белгиленгендей, социалдык төлөмдөрдү жыйноо боюнча абал жаман эмес: 2016-жылы 691 млн сом жыйналса, 2017-жылы 718 млн сом жыйналып, өсүш 27 млн сом болуп, өсүү темпи 103,9% түздү.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча пенсияларды төлөө үчүн 473,9 миллион сом керектелсе, каржыланганы 473,9 миллион сом болуп, керектөө 100 пайыз камсыз болду. Же болбосо пенсияларды төлөө үчүн орто эсеп менен ай сайын керектелүүчү сумма 39,5 миллион сомду түздү.

Былтыркы жылы 635 пенсионерге жаңыдан пенсия чектелип, 945 пенсионерге топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүнө кайра эсептөөлөр жүргүзүлүп берилди. Биринчи октябрдан баштап кайра эсептөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин пенсиянын орточо өлчөмү 5228 сомго жетти.

2018-жылдын 1-январына карата шаарда 7944 пенсионер каттоодо турат.

Пикир

Оставить комментарий