• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад соту окуучулар менен профилактикалык маектешүү өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 16-май /Кабар/. 2017-жылдын 13-майында Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Калыков Бакыт Усенканович Жалал-Абад шаарынын №5 орто мектебинин 11-классынын окуучулары үчүн жашы жете электер тарабынан мыйзам бузуучулукка жана кылмыш жасоого барууну алдын-алуу боюнча профилактикалык маектешүү өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Судья Б. Калыков окуучуларга кылмыштын жана мыйзам бузуучулуктун түшүнүктөрүн ачып берип, алардын адам менен коомго тийгизген терс кесепеттери жөнүндө айтып берип, судьялык тажрыйбадан мисалдарды келтирип берди. Андан кийин судья окуучуларга кылмыш жоопкерчилигине тартуунун, соттолуунун жана жашы жете электердин инспекциясына каттоого коюунун жаман кесепеттери тууралуу маек куруп берди.

Жолугушууда окуучулар юрист кесибине чоң кызыгуусун көрсөтүшүп, юридикалык жогорку билимди алууга байланышкан суроолорун берип жатышты.

Иш чараны аяктап жатып, судья Б. Калыков окуучуларды дагы бир жолу мыйзамдарды сактоого жана урматтоого чакырып, бүтүрүүчү экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, алдыңкы жогорку окуу жайларына окууга өтүүлөрүн каалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий