• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад: өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо багытында рейддер жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.01.18 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында Жалал-Абад ШИИБ тарабынан “Каникул” аталышында рейд өткөрүлдү. Рейддин жүрүшүндө 18ге жашы жете элек 8 өспүрүм жумушка тартылганы аныкталды. Бул тууралуу ШИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү Канатбек Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында, азыр кышкы эс алуу күндөрү болгондуктан, жаш өспүрүмдөрдүн бош убактыларын кандай өткөрүп жатышкандарын аныктоо максатында “каникул” аталышындагы рейд өткөрүлдү. Рейд шаарда жайгашкан автоунаа жуучу жана оңдоочу жайларга, базарларда болуп өттү. Эмгекке тартылган балдар боюнча ата-энелери чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү,-дейт.

Белгилей кетсек, эмгекке тартылган жаш өспүрүмдөрдүн басымдуу бөлүгү Сузак районунан келгендиги аныкталды. Жаштар негизинен унаа оңдоочу жайларда иштеп жаткандыгы белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий