• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад: Спутник жана Көк-Арт кичирайондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 5-август күнү саат 15:00гө чейин Жалал-Абад шаарындагы Спутник жана Көк-Арт кичирайондорунда таза суу берүү токтотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суу берүүнү токтотуу жарылган суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.

“Убактылуу ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий