• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад: Шаардагы калктын сууга болгон дебитордук карызы 6 млн 800 миң сомду түзөт

Аймак 0

Бишкек, 17.09.20./Кабар/. Жалал-Абад шаарынын аймагында суу акысын мөөнөтүндө төлөбөгөн абоненттерге рейд улантылып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ Достук аймактык башкармалыгынын Тайгараев көчөсүндө жүрдү. Вице-мэр Нуртилек Орозбаев суу канал башкармалыгы менен биргеликте көп кабаттуу үйлөрдү кыдырып, эскертүүлөрдү берди.

"Абоненттердин арасында сууга болгон карызы 40 миң сомго жеткен жарандар бар. Эскертүүгө карабай суу акысын төлөбөгөндөрдүн суусу өчүрүлөт. Шаардагы калктын сууга болгон дебитордук карызы 6 млн 800 миң сомду түзөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий