• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Жалал-Абад Тазалык" ишканасына жаңы таштанды жыйноочу унаа тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. "Жалал-Абад Тазалык" муниципалдык мекемесине жаңы таштанды жыйноочу унаа тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, GAZonNEXT үлгүсүндөгү таштанды жыйноочу унаанын ачкычын бүгүн, 13-майда шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырды.

Калаа башчысы заманбап техникалар тазалык кызматкерлеринин жумушун жеңилдетип, шаардын тазалыгын камсыздоого мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилеп, күн-түн дебей шаар тазалыгына кам көргөн жумушчулардын эмгек акысын жогорулатуу боюнча аракет көрүлүп жатканын билдирди.

Аталган унаа "Жалал-Абад Тазалык" мекемесинин өз каражатына, тагыраагы, атайын эсептеги үнөмдөлгөн 3 млн 685 миң сом акча каражатына сатып алынган.

Белгилей кетсек, "Жалал-Абад Тазалык" мекемесине жакында эле облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 3 унаа сатып алынган. Ал эми алдыда "Жаратылышты өнүктүрүү" фонду тарабынан дагы 4 таштанды жыйноочу унаа келери күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий