• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад-Тогуз-Торо унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 1 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад-Тогуз-Торо унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 1 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-сентябрда саат 00:06да Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Калма-Кырчын айылында Жалал-Абад-Тогуз-Торо унаа жолунун 62-чакырымында “Хово” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1978-жылы туулган айдоочу жабыркап, тез жардам кызматы аркылуу ооруканга жеткирилген.

Ал эми КР ӨКМнин №58 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары 1983-жылы туулган жүргүнчүнүн кыпчылып калган бутун чыгарып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий