• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абад: Той өтүп жаткан жети тойкананын жарыгы өчүрүлүп, той токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Кечээ, 30-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы бардык тойканаларга рейд жүрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен жети тойканада той өтүп жатканы белгилүү болду. Жалал-Абад ресторанында 300 адамдык той өтүп жаткан. Комиссия андан тышкары Аура, Достор, Деревянный замок, Ак-Өргө, Тадж-Махал тойканаларындагы тойлорго күбө болушту.

Аталган тойканалардын бардыгынын электр жарыктары өчүрүлдү. Аура ресторанындагы той кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш козголду. Калгандарына айып пул салынды.

Эрежеге баш ийбей жаткан тойканаларга болгон рейд күчөтүлүп, күн сайын өткөрүлөт. Бир нече ирет эскертүү алып, айып пул төлөгөндөргө эми мыйзам чегинде иш козголот.

Пикир

Оставить комментарий