• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад жана Ала-Букада «Лидер» иш-чарасы өткөрүлдү

Коом 0

Ташкент, 12.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад ШИИБи тарабынан “Лидер” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милицияснын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага 20 мамлекеттик жана жеке менчик мектептердин окуучулары жана мугалимдери катышты.

Анын алкагында кээ бир окуучулар анонимдүү кутучалар аркылуу суроо узатышып, берилген суроолоруна жооп алышты. Жашыруун сурамжылоо иштеринин натыйжасында 20 мектептин формалдуу эмес топторунун лидерлери белгилүү болду. Аныкталган фактылар боюнча 5 баланын ата-энелери чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жашы жете элек 1 өспүрүм коомдук жайда тамеки чегип жаткандыгы аныкталып, ата-энесине айыппул салынды. ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тарабынан каттоого алынган өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумун көзөмөлгө алуу зарылдыгы эскертилди.

Мындан тышкары шаардын четинде жайгашкан мектептерде окуучулар жолбун иттерден сак болуу керектиги жеткирилди. Билим берүү жайларына жакын жерде соода кылышкан дүкөн ээлерине спирт ичимдиктерин сатпоо зарылдыгы айтылды.

«Лидер» аталышындагы профилактикалык иштер Ала-Бука РИИБи тарабынан дагы өткөрүлдү. Тиешелүү кызмат адамдары менен биргеликте уюштурулган тегерек столдо өспүрүмдөрдүн кылмыштуулукка баруусунун себептери талкууланды. Мектеп окуучулары арасындагы укук бузуулардын, мектеп рекетчилигин болтурбоо үчүн жалпы жамаат биргеликте аракеттенүү зарылдыгы белгиленди. Милиция кызматкерлери жаштарды мыкты билим жана татыктуу тарбия алууга, келечекте кесипкөй адистерден болууга чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий