• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад жана Кадамжайда сатууга лицензиясы жок алкоголдук продукция аныкталды

Коом 0

Бишкек 21.02.20. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунан жана Жалал-Абад шаарынан сатууга тийиштүү лицензиясы жок ар кандай аталыштагы жана идиштеги алкоголдук продукцияны сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен биргелешкен иш-чаралардын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарынын соода объекттеринин биринен ар кандай ассортименттеги 2 миң 973 бөтөлкө, ал эми Кадамжай районунан 561 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды.

Азыркы учурда сотко чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий