• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад жана Кара-Көл шаарларында алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад жана Кара-Көл шаарларында алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБинин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тарабынан өспүрүмдөрдүн кароосуз калуусунун алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Аталган иш-чарага шаардык социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, жергиликтүү аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышып, өспүрүмдөрдүн кароосуз калып, ар түрдүү кырсыктарга кабылуусунун алдын алууга багытталды.

Милиция кызматкерлери шаар аймагында ата-энелер менен жеринде жолугуп, өспүрүмдөрдү көзөмөлсүз калтырбоого үндөштү. Түнкү убакыттарда чоң адамдардын коштоосу жок көчөдө жүрүүлөрдү болтурбоо, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында профилактикалык жумуштар алып барылды. Иш-чара учурунда Тайгараев айыл аймагында жашаган 2 өспүрүм мектепте барбай жаткандыгы аныкталып, ата-энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындай иш-чара Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан да уюштурулуп, кароосуз калгандарды аныктоо иштери жүрдү. Тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте шаар аймагындагы унаа жуучу жайлар, дүкөндөр, сулуулук салондору, кафе-ресторандар, компьютердик клубдар көзөмөлгө алынды.

Иш-чара учурунда ар түрдүү укук бузууларга аралашкан 4 өспүрүмдүн ата-энелерине КР Бузуулар жөнүндө кодексинин 61-беренесинин негинде протоколдор толтурулуп, айыппулдар салынды. Мындан сырткары шаар аймагында кафе-ресторан жана сулуулук салондорун иштеткендерге жазуу түрүндө кол коюу менен эскертүүлөр берилип, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эмгектин оор түрүнө тартылбоосу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий