• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад жана Наманган шаарлары өз ара достук байланыштарын бекемдеди

Аймак 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Жалал-Абад - Наманган 2021” кеңейтилген бизнес форуму өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Өзбекстандын Наманган облусунун акими Шавкатжон Абдураззаков баштаган делегациясынын мүчөлөрү жана ишкерлер катышты. Алгач, КР министрлер кабинетинин облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков бизнес-форумдун алкагында уюштурулган көргөзмө менен делегацияны тааныштырып чыкты. Көргөзмөдө район-шаарлардан келген өндүрүшчүлөр өздөрү өндүргөн азыктарын коюшкан.

Форумда аймактагы ишкердикти жана туризмди өнүктүрүүнүн шарттары, пландары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө презентация көрсөтүлдү.

Намангандан келген делегация жергиликтүү өндүрүштөрдөн терини, ташты кайра иштетүү, аары чарбасын өнүктүрүү, сүт азыктарын өндүрүү, эт азыктарын кайра иштетүү сыяктуу жана текстиль тармагында эки тараптуу кызматташуу жөнүндө ишкерлер арасында сүйлөөшүлөр жүргүзүлүп, келишим түзүлдү.

Мындан сырткары эки аймактын ишкерлеринин өз ара карым-катнаштарын орнотуу үчүн, мындай форумдарды тез-тез өткөрүп туруу зарылдыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий