• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жалал-Абад жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 61 адам кармалды – Жоробеков

Аймак 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 61 адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунун аймагында бир күн ичинде 14 кылмыш катталган.

"Коменданттык саатты бузган 61 адам кармалган. Алардын ичинен 49 адам текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кое берилген. Себеби, биз жарандардын жагдайын түшүнүүгө аракет кылып жатабыз. Коменданттык саатты бузгандардын баарын эле мыйзамды одоно түрдө бузган жарандар дегенден алыспыз", - деп ал, жарандар жашоо-тиричилигине же башка себептерден улам үйүнө өз убагында жете албай калган учурлар болорун айтты.

Ал кээ бир учурда милиция кызматкерлери кечиккен жарандарды үйүнө жеткирип коюп жатканын айтып өттү.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 94кө жетет. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий