• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад: жарым жылда инвестиция тартып келүү артты

Аймак 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. Шаардык кеңешке шайланып келген депутаттар башын бириктирип, шаар бюджетин бекитип бере электигине карабастан, Жалал-Абад шаарына инвестиция тартып келүү иши демейкисиндей жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров шаар мэриясынын аткаруу комитетинин жыйынында айтканын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын 6-айында шаардын ар түрдү тармактарына тартылган инвестициялардын көлөмү жалпысынан 1 миллиард 156,7 миллион сомду түзүп, өткөн 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 103,7 пайызды түздү.

“Тартылган инвестициялардын ичинен ички инвестиция каражаты 1 миллиард 111,6 миллион сомду түзүп, өсүү темпи 101,9 пайызды түздү. Ал эми, тартылган тышкы инвестициялардын көлөмү 45,1 миллион сом болуп, өсүү темпи 187,1 пайызга жетти. Биз негизинен ички инвестициялардын көлөмүнүн артышына көп көңүл буруп жатабыз”, - дейт ал.

Эске сала кетсек, шаар мэриясы тарабынан жалпы көлөмү 17 миллион доллардан ашуун онго жакын инвестициялык долбоорлор түзүлүп, эл аралык донорлор менен тыгыз иштер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий