• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад жаштарынын Кытайдын Шаньси провинциясындагы университеттерде окуу мүмкүнчүлүгү бар

Аймак 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад жаштарынын Кытайдын Шаньси провинциясындагы университеттерде гранттык негизде окуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаевдин Кытай Эл Республикасынын Шаньси провинциясындагы “Централ Эйжа Интернэшнл Девелопент Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти Юэ Хэфу баштаган чакан делегация менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Маалыматка ылайык, буга чейин 2018-жылы Кыргызстандын Жалал-Абад облусу менен Кытайдын Шаньси провинциясынын ортосунда кызматташуу Меморандумуна кол коюлган. Ага ылайык тараптар ортосундагы мамилелерди бекемдөө, өз ара пайдалуу иш алып барууну тереңдетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Мындагы башкы багыт билим берүү тармагында болуп, Кытайдын Шаньси провинциясындагы мамлекеттик жана технологиялык эки жогорку окуу жайында Жалал-Абад облусунун студенттери акысыз билим ала алышат. Ал үчүн каалоочулар кабыл алуу тартиби боюнча интернет аркылуу (http://siee.sxu.edu.cn/) толук маалымат алууга болот.

Мындан сырткары, аталган коомдун башчысы Юэ Хэфу облуста айыл чарбасы, өнөр жай, жаңгакты кайра иштетүү, туризм тармагында да иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрү көп экенин белгиледи. Аны менен бирге көмүрдү экспорттоо, кен байлыктарды пайдалануудагы биргелешкен долбоорлорду иш ашырууга болоорун кошумчалады.

Облус өкүлү эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынган шартта, сырткы инвесторлордун ири долбоорлорун колдоого алаарын билдирди. Мындагы башкы талап калктын жана экологиялык эрежелердин сакталышы экенин белгилеп, Жалал-Абад облусу менен Шаньси провинциясынын ар тараптуу достук алакалары улантыларын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий