• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алдыдагы күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү алкагында жана андан ийгиликтүү өтүү үчүн Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактарынын адистери тарабынан 2020-жылдын 7 айынын ичинде төмөнкү иштер аткарылды:

- 35 көмөк чордондун жана 35 км узундуктагы 110 кВ жана андан жогору болгон жогорку чыңалуудагы чубалгылардын капиталдык оңдоо иштери.

- 35 көмөк чордондун жана 353 км узундуктагы 110 кВ жана андан жогору болгон жогорку чыңалуудагы чубалгылардын учурдук оңдоо иштери.

Оңдоо иштери менен бирге эски жабдууларды жаңыларына алмаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. “Таш-Көмүр” көмөк чордонундагы 15 МВА күчтүк трансформатор 25 МВАга алмаштырылат. “Бек-Абад”, “Жийде”, “Районная”, “Базар-Коргон”, “Таш-Көмүр” көмөк чордондорундагы 110 кВ жогорку чыңалуудагы киргизмелерди алмаштыруу пландаштырылууда. “Кристалл” жана “Төрөбаев” көмөк чордондорунда аккумулятордук батареяалар ж.б.у.с. алмаштырылат. “Кристалл” 220 кВ көмөк чордонунда 63 МВА кубаттуулуктагы автотрансформатор орнотулуп, 2-кезектеги курулуш иштери башталды.

Электр берүү чубалгыларынын трассаларын тазалоого жана суу ташкындарына каршы иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулууда. Ошону менен бирге “Токтогул ГЭС – Түлөбердиева” 500 кВ АЧ, “Токтогул ГЭС – Датка” 500 кВ АЧ, “Районная-Үрүмбаш-Жетиген” 110 кВ АЧ ири аба чубалгыларынын трассаларын тазалоо иштери жүргүзүлдү. Андан тышкары 65,1 км узундуктагы 110/220/500 кВ АЧнын кирме жолдору оңдолду. “Нижняя”, “Абасбекова”, “Төрөбаев” жана “Сузак” көмөк чордондорунда суу ташкындарына каршы иш-чаралар аткарылды.

Белгилей кетсек, кыш мезгилинде иштөөгө өндүрүштүк имараттар, курулмалар жана унаа каражаттары даярдалып жатат.

Маалымат үчүн: Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы (ЖЖЧЭТИ) 110-220-500 кВ жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары аркылуу гидроэлектростанциялардан иштелип чыккан бардык электр энергияны керектөөчүлөргө жеткирип берүү функциясын аткарат. Чубалгылардын баары тутум түзүүчү, стратегиялык жактан маанилүү, трассасы деңиз деңгээлинен 2000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан, климаттык шарттары татаал, барууга кыйын болгон тоолуу участоктордон өтөт. ЖЖЧЭТИнин электр энергиясынын транзиттик аймагына сегиз административдик район, сегиз шаар жана шаар тибиндеги калктуу конуштар кирет.

Пикир

Оставить комментарий