• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад: жол кырсыктарына айдоочулардын билим-тажрыйбасынын аздыгы себеп

Аймак 0

Бишкек, 03.10.17 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жол кырсыгы азайбай келет, буга айдоочулардын билиминин жана тажрыйбасынын жоктугу негизги себеп болууда. Ошентсе да, кырсыктан набыт болгондор саны өткөн жылдагыдан азайган. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык патрулдук милиция бөлүмүнүн издөө инспектору, милициянын ага лейтенанты Курстанбек Көчөрбаев билдирди.

Анын айтымында, жол эрежелерин бузган айдоочулар өтө эле көп. Көпчүлүгү айдоочулук күбөлүгү болгону менен унааны башкарууда алардын тажрыйбасынын аздыгынан улам жол кырсыкка кабылышууда. Алардын негизги бөлүгү 3 жылдан 5 жылга чейинки эле айдоочулук тажрыйбасы барлар,-дейт К. Көчөрбаев.

Алынган маалыматтарга караганда, дол кырсыктарынын алдын алуу максатында партрулдук милиция арабынан жыл ичинде 45 жолу рейддер өткөрүлгөн. Анда жөө атуулдар жана айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Мектеп окуучулар арасында айына 8 жолу “Абайлагыла балдар” аталышындагы рейддер жүргүзүлүп келет.

"Жол кырсыктарынын санына токтоло турган болсок, өткөн жылы 9 айда 66 жол кырсыгы катталса, бул жылы 9 айда да ушул көрсөткүч сакталып калды. Ал эми кырсыкка учурап, денелеринен жаракат алгандардын саны 92, болсо, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 5ке азайган. Каза болгондор саны 2016-жылы 4 болсо, быйыл үчөө катталды", - дейт ал.

Эскерте кетсек, шаар боюнча патрулдук милициянын курамында 4 кызматкер иш алып барат. Алар тарабынан тейленген автожолдордун жалпы узундугу 164 чакырымды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий