• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда шаардын өнүгүүсүнө салым кошкондор сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Жалал-Абадда шаардын өнүгүүсүнө салым кошкондор сыйланды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 6-февралда шаардык мэрияда 2022-жылдын жыйынтыгы менен (менчигинин түрүнө карабай) бир катар мекеме-ишканаларга жана кызматкерлерге дипломдор, Ардак грамота жана ыраазычылык каттар тапшырылды.

Сыйлыктарды шаар мэри Эрнисбек Ормоков тапшырып, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн сыйлык ээлерин куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий