• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ала-Буканын тургундары милиционерлерге кол көтөргөн. Окуянын чоо-жайын ИИМден айтып беришти

Кырсык 0

Бишкек, 03.12.18. /Кабар/. 5-декабрда “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кенинин аймагында “Шумкар” атайын кызматтагы полкунун кызматкерлерине 15 жергиликтүү тургун күч колдонгон.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган факт боюнча 2018-жылдын 6-ноябрында Ала-Бука районунун ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматы Кылмыш кодексинин 234-беренеси (“Бейбаштык”) жана 341-беренеси (“Бийлик өкүлүнө күч колдонуу”) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү маалында окуя болгон жерден – аталган алтын кенинин көзөмөл камераларынан тасма алынган. Тасма иликтөөгө алынып, милицияга кол көтөргөн 15 жарандын ким экендиги аныкталган. 2-декабрь күнү козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн ал 15 жаран Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына алынып келген.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 94-беренесинин негизинде Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 14 тургуну кылмышка шектелип кармалып, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Маалыматка ылайык, учурда ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Чаткал районунда абал туруктуу болуп, эл менен түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Маалымат үчүн: “Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧКсы – “Кыргызалтын” ААКсы (25% үлүш) менен “Эти Бакыр” түрк компаниясынын (75% үлүш) биргелешкен ишканасы.

Пикир

Оставить комментарий