• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда 1,8 млн сомдук ичимдик мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды

Аймак 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. КР Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети башкармалыгынын кызматкерлери менен биргелешкен рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарында күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз жүгүртүүдөн бжалпы 1 млн 854 сом суммадагы ар кандай аталыштарда жана идиштердеги (СВВЗ логотиби менен) 6 миң 689 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынган.

Бардык материалдар жана алынган алкоголдук продукциялар КР мыйзамдарына ылайык, чара көрүү үчүн УКМКнын тиешелүү аймактык органына берилди.

Пикир

Оставить комментарий