• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абадда 1-майдан баштап мектептер кайрадан аралыктан окууга өтөт

Аймак 0

Бишкк, 27.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында коронавируска байланыштуу абал күн санап курчуп жаткандыктан бүгүн шаардык штабдын отурумунда бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Шаардык штабдын чечимине ылайык, 1-майдан тартып мамлекеттик мектептер аралыктан окууга өтөт. Болгону 9-11-класттар гана салттуу режимде окууну улантат.

"Мектеп окуучуларынын арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталып жаткандыктан калган класстар үчүн онлайн режим кайрадан күчүнө кирет. Ал эми жеке менчик мектептерге рейд жүргүзүлүп, окуучулардын санына жараша чечим кабыл алынат", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле коомдук жайларга болгон текшерүү күчөтүлөт. Тамактануучу, эс алуучу жайлар, кафе-ресторандар, мечиттер тыкыр көзөмөлдөнөт. Алгач санитардык эрежелерди сактоо боюнча эскертүү берилет. Андан соң рейд жүргүзүлүп, талаптарды сактабагандарга чектөө кирет.

Пикир

Оставить комментарий