• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда 10 күн ичинде 27 ок атуучу курал алынды

Аймак 0

Ош, 28.01.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында 12нен 22-январга чейин өткөн “Арсенал” рейдинин жыйынтыгында Ички иштер башкармалыгынын кызматкери 27 тапанчаны элден чогултуп алышкан. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, жергиликтүү калк 24 даана тапанчаны өз ыктыяры менен кайтарган, ал эми 3нү укук-коргоо органдары туура эмес сакталгандыгы үчүн чогултуп алган. Алардын ичинен төртөө кесилген эмес мылтык, бирөө травматикалык жана калган 22си башка түдөгү куралдар болгон.

Ал эми Аксы милиция кызматы тарабынан 7 мылтык, Ала-Бука РИИБи – 5, Чаткал РИИБи – 3 жана калган райондук милиция кызматкерлери тарабынан бирден мылтык тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий