• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Төш-Кутчу айылына жаңы балдар бакчасынын курулушу башталды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бала бакча эки кабаттуу болуп, 100 балага ылайыкташкан.

"Учурда курулуштун баштапкы иштери жүрүүдө. Курулуш ишин тендерден 16 млн сомго утуп алган "Асема" ЖЧК жүргүзүп жатат", - деп кошумчалашты мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий