• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда 11 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 24.04.20, /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагынын Катранкы айылында 2009-жылы туулган бала дарыяга чөгүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, издөө иштерине ӨКМ куткаруучулары, укук коргоо органдарынын 1 кызматкери жана 15 жергиликтүү тургун тартылган.

Кечээ кеч кирип кеткендигине байланыштуу 21.10до издөө иштери токтотулган, алар жыйынтык берген жок. Издөө иштери бүгүн уланат.

Пикир

Оставить комментарий