• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жалал-Абадда 11 жаштагы өспүрүм кыз дайынсыз болууда

Кырсык 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын 2009-жылы туулган тургуну Ойдиной Тургунова дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ойдиной 2020-жылдын 4-декабрь күнү түшкү саат 12:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы “Шабдалызар” базарында апасы соода кылган жерден үйүнө кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.

Учурда Ойдиной Тургунованын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 115-130 см, өңү кара тору, чачы, кашы, көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Ток кызыл түстөгү күрмө, кызыл түстөгү баш кийим, сары түстөгү шым.

Өспүрүм кыздын кайда экендигин билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кабар берсеңиздер болот: 102, (03722) 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70.

Пикир

Оставить комментарий