• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда №114 маршруттук каттам толугу менен калыбына келтирилди

Аймак 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Курманбек кичирайонуна каттам жүргүзгөн №114 маршруттук каттам толугу менен калыбына келтирилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчиси Айгерим Абдыкаарова билдиргендигин, мэриядан кабарлашты.

Тагыраагы, аталган маршруттук каттамдын кичи автобустары эми резиденцияга да барат.

Абдыкаарованын айтымында, “СВТС” автомектебинин жетекчиси Бакытбек Калбаев мектептеги эки кичи автобусту каттамга коюп, учурда жалпы 3 кичи автобус жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүп жатат.

Белгилей кетсек, кичи автобустардын жол чиймеси жергиликтүү жашоочулар менен бирге аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий