• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда 12 жашар бала чагылгандын соккусунан каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 25-май /Кабар/. Аксы районунда бир бала чагылгандын соккусунан каза тапты. Мындан тышкары, эки ат жана бир ит өлгөн. Бул маалыматты облустун ИИБ басма сөз кызматынан ырасташты.

Алардын маалыматы боюнча, 18-майда милицияга 12 жашар бала мал жайып кетип жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. 21-майда туугандары жана милиция кызматкерлери өспүрүмдүн сөөгүн Олон-Булак айылына жакын жайыттан табылган. Милициядан жаан жаап, күн күркүрөп жаткан мезгилде бала аттары жана ит менен бактын түбүнө жашынган. Чагылган ошол жерге түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий