• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда 120 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №27 «Шүдүрүм» балдар бакчасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, бүгүн, 16-ноябрда пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңыртылган имараттын ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана калаа тургундары катышты.

Үч кабаттан турган бала бакчанын эки кабатын жаңыртуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 3 млн 150 миң сомдой акча каражаты сарпталган.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери шаарда 7 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий