• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда 13 жаштагы Жоробек Акимжанов изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 13 жаштагы Акимжанов Жоробек Асылжанович изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 14-июнь күнү саат 13:00 чамасында Сузак районунун Саты айылындагы чоң энесинин үйүнөн чыгып, Жалал-Абад шаарынын борбордук базарына келип, кайра үйүнө барбай дайынсыз болууда.

Учурда 13 жаштагы Ж.Акимжановдун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 150-155 см, өңү ак жүздүү, чачы кыска кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Үстүндө боз түстөгү футболка, башында кызыл түстөгү кепка, бутунда ак түстөгү жайкы бут кийим болгон.

“Дайынсыз болуп жаткан Жоробек Акимжанов тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Тел.: (03722) 102, 0555 10 23 05, 0771 93 60 70",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий