• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жалал-Абадда 16 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алса, анын 12си айыккан

Аймак 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 16 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алса, анын 12си айыгып, үйүнө чыгарылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары Урматбек Боржуев билдирди.

"Жалал-Абад облусунда 16 медицина кызматкери коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 12 медицина кызматкери айыгып, үйүнө чыгарылган. Учурда алар үй көзөмөлүндө болууда. 4 медицина кызматкери дарыланууда. Ала-Букада 19 медицина кызматкери обсервацияда жатат. Алардын биринчи анализи оору жок экенин көрсөткөн. Экинчи анализдерин 12-күнү алабыз. Эгер ал анализдер оору жок экенин көрсөтсө алар обсервациядан чыгарылат. Бул алдын алуу жана коопсуздук чаралардын бири", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий