• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда 2,6 чакырымга саркынды суу түтүктөрү орнотулууда

Аймак 0

Бишкек, 23.11.22./Кабар/. Жалал-Абад шаарында 2 чакырым 640 метр аралыкка саркынды суу түтүктөрү орнотулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын каржылоосу менен “Жалал-Абад шаарынын суу жана саркынды суу тутумун реабилитациялоо” долбоорунун экинчи фазасы ишке ашырылып жатат. Анын алкагында шаардын С.Ибраимов, Балтагулов көчөлөрүндө саркынды суу түтүктөрү орнотууда.

Мындан сырткары, шаардын Спутник, Көк-Арт кичирайондорундагы бир катар көчөлөрдө суу түтүктөрүн орнотуу иштери жүрүп жатат.

Жалпысынан экинчи фаза менен шаарда 8 чакырым саркынды суу түтүктөрү жана 40 чакырым суу түтүктөрү тартылат. Ошондой эле, №2 саркынды сууларды кабыл алуу жайы жаңыланат.

Пикир

Оставить комментарий