• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда 2 адам ботулизм оорусуна каршы даарыланууда

Ден соолук 0

Бишкек, 20.12.17. /Кабар/. Жалал-Абадда 2 адам ботулизм (тамак-аштан уулануу) оорусуна каршы даарыланууда,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 19-декабрында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын Таш-Булак айылынын 2 тургунуна (1994-ж.т. Н.О.жана 1968-ж.т. М.Н.) ботулизм оорусунун диагнозу коюлуп, райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

“Калган үй бүлө мүчөлөрүнүн (5 адам) абалдары жакшы. Азыркы учурда оорулуулар ботулизм оорусуна каршы дарыланууда”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий