• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абадда 2 ай мурун жоголгон өспүрүм кыздын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 15.04.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы Музокна айыл аймагында 2 ай мурун дайынсыз жоголгон 16 жашар Камила Абдубаитованын сөөгү табылды.

"Кабар" агенттигине облустук милициядан кабарлашкандай, 14-апрелде болжол менен саат 16:30да "102" нөөмөт бөлүмүнө маркумдун агасы чалып, шаарга жакын жерде карындарышынын сөөгү табылгандыгы тууралуу кабар берген. Кыздын жансыз денесин койчуман таап алган.

Жерине келген милиция кызматкерлери сөөк чирий баштаганын аныкташкан, сыртынан кыздын өздүгүн аныктоого мүмкүн болгон эмес. Бирок маркумдун туугандары кийип жүргөн кийиминен кыздын өздүгүн такстыкташкан.

Алдын ала маалыматка ылайык, кыздын денесинде эч кандай зордуктоонун издери табылган эмес. Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, иликтөө иштери уланууда.

Милициядан кошумчалашкандай, кыз аны кичинекей чагында асырап алгандыгын уккандан кийин үйүнөн качып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий