• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда 2018-жылы 552 спорттук иш-чара өткөрүлгөн

Аймак 0

Бишкек, 25.12.18. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Жалал-Абад облусунда 2018-жылы 552 спорттук иш-чара өткөрүлгөн. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекттик агенттигинин расмий сайтында кабарланат.

Маалыматка ылайык, облустун аймагында 1 млн. 196 миң 181 адам жашайт, анын ичинен 120 миң 482 адам же болбосо 10%ы спорт менен машыгат.

Облус боюнча 1 облустук атайын жаштар үчүн олимпиадалык резервдеги спорттук мектеп, 2 шаардык атайын жаштар үчүн олимпиадалык резервдеги спорттук мектеп жана 12 спорттук мектептер бар.

Жалал-Абад облусу боюнча Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча башкармалыктын жетекчиси Абдыжапар Капаров кабарлагандай, облус боюнча 11 айдын жыйынтыгы менен 552 спорттук иш-чаралар өткөрүлгөн. Алардын ичинен 17 эл аралык спорттук иш-чаралар, аларга 1023 спортчу катышкан. 13 республикалык спорттук турнир, 31 облустук турнир, 192 райондук иш-чаралар жана 31 машыктыруулар өткөн.

Жалал-Абад облусунда 2 миң 393 спорттук мекемелер иштейт.

Андан тышкары 4 кичи футбол талаасын, 6 спорттук зал, 1 стадион куруу үчүн 75 млн. 575 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле учурда 4 спорттук зал курулууда.

Пикир

Оставить комментарий