• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда 24 айылды суу менен камсыздоого 23 млн доллар жумшалат

Коом 0

Бишкек, 3-июль /Кабар/. Жалал-Абад облусунун 24 айылында суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртууга 23 млн доллар багытталат. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында айылдарды суу менен камсыздоо жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча насыялык келишимди ратификациялады.

Долбоордун жалпы баасы 23 млн долларды түзүп, анын 15 млн доллары Ислам өнүктүрүү банкы, 5 млн доллар – Ислам тилектештиги фонду, 3 млн доллары – Кыргызстан өкмөтүнүн каржылоосу тарабынан бөлүнөт.

Ислам өнүктүрүү банкынын насыясы 25 жылга, 7 жылдык жеңилдетилген 1,5% пайыздык коюм менен берилет. Ислам тилектештиги фондунун насыясы 30 жылга, 0,5% менен 10 жылга жеңилдетилип берилет.

Февралда өкмөт 2016-жылы министрлер кабинети тарабынан калктуу аймактарды 2026-жылга чейин ичүүчү суу менен камсыздоо өнүктүрүү Стратегиясын бекиткенин билдирген. Долбоор боюнча КР жана республикадагы Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 2026-жылга чейин Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын 425 айылында суу тутумдары курулуп, оңдолот.

Республика боюнча 1200 айыл ичүүчү сууга муктаж.

Пикир

Оставить комментарий