• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда 29 обьектиде жумуш толук аяктап, 1 миңден ашуун турак жай корголду

Аймак 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Жалал-Абадда 29 обьектиде жумуш толук аяктап, 1000ден ашуун турак жай корголду. Бул тууралуу КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров билдирди.

Анын айтымында, министрликтин 2020-жылдагы “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-мерчемине ылайык Жалал-Абад облусунун аймагынан 76 обьектте жумуш аткаруу мерчемделип, кошумча 1 обьект кирип жалпы 77 обьектини түздү.

“Бүгүнкү күндө жалпы 32 обьектиде жумуш жүргүзүлүп, 29 обьектиде жумуш толук аяктады, 2 обьектиде жер иштери аяктап габион орнотуу иштери улантылууда, 1 обьектиде жээк бекемдөө иштери жүрүүдө. Натыйжада 1110 турак жай, 2 мектеп, 2 бала бакча, 2 ФАП, 2 мечит, 1 устакана, 1 насостук станция, 400 метр автоунаа жол, 1 суу түтүкчө, 762 га айыл чарба жери табигый кырсыктардан корголду”, - деди А.Закиров.

Аталган жумуштар өлкөбүздүн бардык аймактарында жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий