• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жалал-Абадда 3 миңдей кишини тейлеген жаңы ФАП колдонууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 22.08.17. /Кабар/. Катардын Кыргызстандагы кайрымдуулук уюмунун жардамы менен Жалал-Абад облусунда ФАП ачылды. Бул тууралуу Катардын Бишкектеги элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Өткөн жумада Жалал-Абад облусунда Катардын Кыргызстандагы кайрымдуулук уюму тарабынан ишке ашкан 7 ФАПтын биринин ачылышы болду”,- деп айтылат билдирүүдө.

ФАП Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жашасын айылында жайгашкан. Аталган медпункт 3 миңге жакын калкты тейлейт. ФАП КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилди.

Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчилиги эки өлкө ортосундагы байланышты мындан ары бекемдөө максатында катардык кайрымдуулук уюму менен биргеликте жардам көрсөтүүнү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий