• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда 50 жаштагы жаран гашишти сатуу учурунда колго түштү

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 50 жаштагы жаран гашиш баңгизатын сатуу учурунда колго түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизаттарды жайылтып жүргөндөр жөнүндө маалымат алышкан.

Ушул жылдын март айынын башында аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 267-беренеси ("Сатуу максатында баңгизаттарды, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Март айынын башында ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизаттарды сатуу фактысы аныкталып, милиция кызматкерлери тарабынан өзгөчө кескин жыты бар зат алынган. Экспертиза тастыктагандай, бул баңгизат 54,21 граммды түзгөн каннабистин чайыры (гашиш) болуп чыккан.

Мындан аркы иликтөөнүн жүрүшүндө баңгизаттын кезектеги партиясын сатуу учурунда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 50 жаштагы М.Н. аттуу тургуну кармалган. Кароо жүргүзүү учурунда баштыктан ширеңке кутучасы түрүндөгү 20 брекеттелген зат табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган зат 226,11 грамм салмактагы каннабистин чайыры (гашиш) болуп чыкты. Шектүүдөн жалпысынан 280 грамм гашиш алынды.

Учурда иликтөө уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий