• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда 500дөн ашуун ишкердин башын бириктерген бизнес-форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “JIGER 2023” бизнес-форуму өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, өлкөнүн 7 облусунан келген жана жергиликтүү ишкерлер катышты.

Форумда ишкерликтеги инновациялар, санарип, жашыл жана креативдүү, заманбап экономика тууралуу маалымат берилип, келген спикерлер жаштардын өз ара аракеттенүү процесстерин өнүктүрүүгө, жаштардын демилгелерин ишке ашырууга, өсүп келе жаткан муундун коомдук жана кесипкөй жөндөмдөрүн өрчүтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жаатында маалыматтарды беришти.

Мындан сырткары, өндүрүштүк ишканалардын көргөзмөсү уюштурулду.

Белгилей кетсек, аталган бизнес-форумга 500дөн ашык бизнес өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий