• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда 56 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып берилди

Аймак 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы мэрия менен биргеликте 56 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга жардам берди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

“Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү социалдык жана медициналык жардамдарды алууда туулгандыгы тууралуу документтери жок балдар үчүн көйгөйлөр жаралып келет. Ошого байланыштуу тийиштүү тармактардын кызматкерлери тарабынан шаар аймагында үймө-үй кыдыруу жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында ар түрдүү себептер менен балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жүргөн үй-бүлөлөр аныкталган. Өткөрүлгөн иш-аракеттердин жыйынтыгында атайын соттун чечими менен күбөлүктөр берилди”,- деп кошумчалашты мэриядан.

Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери 2018-жылы 49, ал эми 2019-жылы жалпы 40 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экендигин аныкташкан.

Бул багыттагы көйгөйлөрдөн арылуу максатында жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жеткиликтүү жардам көрсөтүлүүсү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын токтом кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий