• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда 7-Апрель - Элдик революциянын курмандыктары эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-апрелде Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революцияда курман болгон жарандар эскерилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага облус башчысынын орун басары Эркинбек Маматаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, аксакалдар, мекеме-ишкана жамааттары жана тургундар катышты.

Облус башчысынын орун басары Эркинбек Маматаев он эки жыл мурунку каргашалуу апрель окуясы эл бийлигин менчиктеп, ырыскысын өз бүлөсүнө тарткандардын мүдөөсү аткарылганын белгиледи. Ошондой эле 7-апрель күнү Кыргыз элинин тарыхында жалпы журт бир максатка биригип өзүнүн майтарылбас эркин, жалпы эрдиктин, элдик жеңиштердин мисалын дагы бир ирет көрсөткөнүн айтты.

Эскерүүдө каза болгон жарандардын сүрөттөрү илинген тактайчага гулчамбар коюлуп, куран окулду. Окуяда Жалал-Абад облусунан 9 адам курман болуп, 67си жаракат алган. Жыл сайын жергиликтүү бийлик тарабынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө колдоолор көрсөтүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий